Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

"WhatsApp" жаңыртылган купуялык саясатын ишке ашырууну кийинкиге калтырды


"WhatsApp" адистери колдонуучулардын реакциясынан улам жаңы бизнес өзгөчөлүктөрүн жайылтууну кийинкиге калтырды. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды.

4-январда "WhatsApp" колдонуучуларына 8-февралга чейин "Жаңыртылган купуялык саясатын" кабыл алуу же четке кагууну сунуш кылган.

Жаңы саясаттын алкагында "Facebook" жана "WhatsApp" тиркемелери өз маалыматтарын бириктире турганы айтылган. Жаңы эрежелерге макул болбогондор 8-февралдан баштап "WhatsApp" тиркемесин колдоно албай тургандыгы кабарланган.

Дүйнөдө эң популярдуу тиркемелердин бири саналган "WhatsApp" өзү киргизген жаңы милдеттенмеден кийин үч күндө эле 10 миллиондон ашык колдонуучусунан кол жууган. Ал эми "Telegram" жана "Signal" тиркемелерине катталгандардын саны өскөн.

Бирок "WhatsApp" адистери күтүлүп жаткан модификация сүйлөшүүлөрдүн купуялыгына шек келтирбейт деп ишендиришүүдө. Алар өзгөртүү киргизүү жараяны улантыларын жана "Facebook" менен маалымат алмашуу болбой турганын кабарлашты. Компания өзгөртүүлөрдү май айынын ортосуна чейин жөнгө салууга үмүттөнөт.

"Facebook" компаниясы 2014-жылы "WhatsApp" тиркемесин 19 миллиард долларга сатып алган.

XS
SM
MD
LG