16-январга карата Кыргызстанда дагы 129 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте бир бейтап көз жумду.
Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 986 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 866сы сакайды. Соңку бир күндө 151 адам айыкты.
Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1382 адамга жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:
- Бишкек шаарында– 54;
- Чүй облусунда - 34;
- Ысык-Көл облусунда – 20;
- Ош облусунда - 9;
- Жалал-Абад облусунда - 4;
- Талас облусунда - 3;
- Баткен облусунда - 3;
- Нарын облусунда - 2 киши.
- Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.
Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 799 бейтаптын 44үнүн абалы өтө оор, 229у оор, 518и орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 16-январда 93 миллион 816 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 8 миңден көп. (SE)