Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

«Клооп» 210 шайлоо участогунун добуштарын жокко чыгарууга аракеттенет


Добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөктөр жана кошумча айнек үкөктөр. 10-январь, 2021-жыл.
Добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөктөр жана кошумча айнек үкөктөр. 10-январь, 2021-жыл.

Бул тууралуу «Клооп» өзүнүн сайтына 15-январда жазды. Маалыматка караганда, «Клооптун» байкоочулары 10-январдагы шайлоодо 1500дөн ашуун мыйзам бузуу фактыларын катташкан.

«1500 мыйзам бузуунун 400дөн ашууну - добуштардын купуялыгы бузулушуна байланыштуу. Мында участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү добуш берүү кабинасынын жанына туруп алган же шайлоочу үчүн өздөрү бюллетенди үкөккө таштаган учурлар көп катталды. Андан кийин добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн иши үзгүлтүккө учураган 357 учуру катталган. Айрым участоктордо үкөк иштегенге чейин мурдагы айнектен жасалган үкөктөр пайдаланылды, кийин андагы бюллетендерди шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү берки үкөккө өздөрү салып коюшту. Шайлоо участогунан тышкары добуш берүүгө оорулуу, кары-картаң же ордунан жыла албаган жарандар укуктуу болсо да, айрым участоктордо алты саны аман, алибеттүү эле жигиттер үйүндө туруп добуш беришкенине биздин байкоочулар күбө болуп, видео жана сүрөткө тартып алышкан. Мындан тышкары айрым добушканаларда байкоочулардын ишине бут тосуу болду», деп жазды «Клооп».

Маалыматка караганда байкоочулар жалпысынан 22 мыйзам бузуу боюнча 210 шайлоо участогундагы добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылмакчы.

10-январь, 2021-ж.
Мыйзам бузуулар жана соцтармактагы пикирлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00

«Клооп» Кыргызстанда өтүп жаткан кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумга көз салуу үчүн 1,5 миңден ашуун шайлоо участогуна байкоочу койгон. Алар 10-январдагы добуш берүү учурунда мыйзам бузуу, терс көрүнүштөр катталып жатканын шайлоо күнү да билдиришкен.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум болуп өткөн. Мамлекет башчылыкка ат салышкан 17 талапкердин ичинен баштапкы маалыматтар боюнча Садыр Жапаров шайлоого катышкандардын 79,22% добушун алып, атаандаштарынан кыйла озуп кеткен.

Ал эми мамлекеттик башкаруунун «президенттик» жана «парламенттик» формалары шайлоочулардын тандоосуна коюлган.

Добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн ЕККУнун Байкоочулар миссиясы да бир катар мыйзам бузуу фактылары болгонун билдирген. Башка эл аралык уюмдардын байкоочулары жалпысынан шайлоо тынч, олуттуу мыйзам бузуусуз өткөнүн маалымдашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу бардык арыз-дооматтар каралып бүтмөйүнчө, расмий жыйынтык чыгарылбай турганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG