Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

Кадамжайда шахтада жарылуу болуп, бир адам топурак алдында калды


Баткендеги көмүр кендеринин бири.
Баткендеги көмүр кендеринин бири.

15-январь күнү түшкө жуук Кадамжай районунун аймагында №5 карьер тилкесинде жайгашкан көмүр шахтасында белгисиз себептерден улам жарылуу болуп, топурак кулаган. Натыйжада көмүр казып жаткан бир адап топурак алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык топурак алдында калган адам Ош облусунун Ноокат районунун Додон айылынын тургуну экени аныкталды. Окуя болгон жерге ӨКМдин мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан тогуз куткаруучу жиберилди. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Азаттыкка» радиосуна билдиргендей, аталган шахтадан көмүр казуу мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан.

Өткөн жыл ичинде Баткен облусунда көмүр шахталарында кырсыктан тогуз киши каза болгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG