Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Ташиев: 9-октябрдан кийин Бабанов менен жолуккан эмесмин


Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып, «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулгандар. Бишкек. 15-октябрь, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып, «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулгандар. Бишкек. 15-октябрь, 2020-жыл.

9-октябрдан кийин Бабанов менен жолукпаганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анда:

«Бабанов калп айтып, коомчулукту адаштырбасын. Биз аны менен 9-октябрдагы баш аламандыктан кийин жолуккан эмеспиз жана «митингдерди биз уюштурган жокпуз» деп актанган эмеспиз. Р. А. Казакбаев (тышкы иштер министри, "Республиканын" мүчөсү-ред.) калп айттырбайт, биз Өмүрбек Бабанов менен 9-октябрга чейин жолукканбыз. Дагы бир жолу бышыктап коеюн, Бабанов калп айтып атат, ал Атамбаев жана башкалар менен Ала-Тоо аянтына бийликти элден тартып алуу үчүн келишкен» деп жазылган.

Ташиев ошондой эле "9-октябрдагы митингде чагым жасагандарды иликтеп, жазалайбыз" деп кошумчалаган.
УКМКнын төрагасынын атындагы фейсбук баракчасына жайгаштырылган бул пикирге Бабанов жана анын тарапкерлери комментарий бере элек.

Буга чейин айрым интернеттеги маалымат булактары «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 13-октябрь күнү Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолукканын партиянын штабына шилтеме берип кабарлаган. Маалыматта Бабанов ошол эле күнү ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушканы, анда өлкөнүн ошол учурдагы абалы тууралуу сөз болгону белгиленген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, өлкөдө бийлик алмашкан. 6-октябрга караган түнү тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров 16-октябрда өкмөт башчылыкка дайындалып, 17-октябрда президенттин милдетин аткарууну колуна алган. Жапаров менен бир учурда камактан бошотулган Атамбаев баштаган саясатчылардын катышуусунда 9-октябрда борбордук аянтта массалык митинг өтүп, чагымчыл аракеттер менен аяктаган.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 17-октябрда кызматынан мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген. Айрым саясатчылар бул кээ бир күчтөрдүн басымынан кийин ишке ашканын айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG