Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Коронавирус 134 кишиден табылды, үч бейтап көз жумду


Кызыл аймактагы дарыгер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кызыл аймактагы дарыгер. Иллюстрациялык сүрөт.

15-январга карата Кыргызстанда дагы 134 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 857 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 715и сакайды. Соңку бир күндө 152 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

Бишкек шаарында– 46;
Чүй облусунда - 45;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Ош шаарында - 3;
Ош облусунда - 12;
Ысык-Көл облусунда - 15;
Нарын облусунда - 2;
Баткен облусунда - 3 киши.
Талас облусунда бул суткада оору чыккан жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 812 бейтаптын 48инин абалы өтө оор, 230у оор, 526 адам орто оор абалда жатат, сегиз кишинин абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок.

15-январга карата стационардан эки, үй карантининен төрт медкызматкер чыгып, ишине кайтты.

Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен 4150 медициналык кызматкер вируска кабылган, алардын ичинен 4046сы айыгып чыкты.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 13-январда 91 миллион 559 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 961 миңден көп. (ZKo)

XS
SM
MD
LG