Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Отунбаева Садыр Жапаровду бардык күчтөрдүн башын бириктирүүгө чакырды


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады.

Өз куттуктоосунда Отунбаева Жапаров өлкө өтө оор социалдык жана экономикалык кризиске туш болуп турган кезде бийликке келип жатканын белгилеп, анын жетегинде алдыдагы жыл чоң бурулуштардын жылы болоруна ишенимин билдирген:

«Учурда элдин үмүтү жана келечекке болгон ишеними Сиз менен байланышта болуп турганын өткөн шайлоонун жыйынтыгы таасын көрсөттү, шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушуна ээ болдуңуз. Алдыда татаал реформалар турат. Менин терең ишенимимде ар бирибиз өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын түшүнүү менен колдоо көрсөтө алсак гана ийгилик болот. Элибиз «жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дейт эмеспи. Коомдогу бардык күчтөрдүн башын бир максатка бириктирип, бир багытка баштоого дараметиңиз жете турганына, Сиздин жетекчилик менен Кыргыз Республикасынын эгемендигинин отузунчу жылы чоң бурулуштардын жылы боло турганына ишенем».

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоого катышкандардын 79% ашык добушун алды.

Шайлоодо ат салышкан Адахан Мадумаров, Курсан Асанов өңдүү бир катар талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына макул эмес экенин билдиришкен. Бир катар талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын укуктук негизде талаша турганын, дагы бир бөлүгү Жапаровдун жеңишин тааный турганын билдирип жатышат.

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарыларын маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG