Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Тунис эли «Араб жазын» шыктандырган элдик толкундоонун 10 жылдыгын белгиледи


2019-жылы 14-октябрда президенттик шайлоодо укук адиси Кайс Сайид жеңишке жетишти. Бул тууралуу 15-октябрда чыккан гезит. Тунис.
2019-жылы 14-октябрда президенттик шайлоодо укук адиси Кайс Сайид жеңишке жетишти. Бул тууралуу 15-октябрда чыккан гезит. Тунис.

14-январда Түндүк Африкадагы Тунис Республикасы мындан он жыл илгерки элдик ыңкылаптын натыйжасында авторитардык режим кулаган тарыхый окуялардын 10 жылдыгын белгиледи.

2011-жылы Мухаммед Буазизи аттуу жаш жигит нааразылык иретинде өзүн өрттөп жанын кыйган соң, жалпы өлкөдө элдик толкундоо башталган. Ошол жылы 14-январда өлкөнү 23 жыл бою катаал тартипте бийлеп келген президент Зин ал-Абидин Бен Али (1936–2019) Сауд Арабиясына бозгунга кетүүгө мажбур болгон.

Бул окуя араб өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө калкты шыктандырып, ошол жылдын жазында бир нече өлкөдө элдик толкундоо болгон. Айрымдарында авторитардык режимге таянган бийлик төбөлдөрү кулатылган.

Ал эми Сирияда элдик толкундоо азыркыга чейин уланып жаткан жарандык согушка айланган. Сирияда бери дегенде 400 миң киши курман болду, миллиондогон жаран башка жактарга качып чыкты.

Тунистин өзүндө элдик көтөрүлүш маалында 338 киши набыт болуп, 2147 киши жабыркаганын бир жылдан кийин жаңы бийлик маалымдаган.

Азыркы тапта Тунисте бир кыйла демократиялык реформалар жүргүзүлдү. Тунистин азыркы өкмөт башчысы Хишам ал-Машиши «Фейсбуктагы» баракчасында 2011-жылкы демонстранттар талап кылган ар-намыска жетиш үчүн «колдон келишинче аракет кылабыз» деп 14-январда убада кылды.

2019-жылы күзүндө атаандаш шайлоодо өз алдынча талапкер катары катышып, президент болуп шайланган укук адиси Кайс Сайид өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөш урааны менен чыккандыктан, коомдогу исламчы жана либерал топтордун жалпы колдоосуна ээ болгон. Ал аялдардын укуктарын кеңейтүүгө да убада берген.

«Араб жазынан» кийинки өзгөрүүлөр ар башка өлкөлөрдө ар кыл жүрүп жатат. (TT)

XS
SM
MD
LG