Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Тунис - жаңы өкмөт, эски министрлер


Тунисттик аял президент Фуад Мебазаа менен жолугушууда. Өкмөттүк сарай. 17-январь, 2011
Тунисттик аял президент Фуад Мебазаа менен жолугушууда. Өкмөттүк сарай. 17-январь, 2011

Тунистин премьер-министри Мохаммед Ганнуши өлкөнү демократия жолуна салчу биргелешкен коалициялык өкмөттүн курамын жарыялады.

Мурдакы өкмөт жума күнү президент Зин ал-Абидин Бен Али тактыдан кулагандан кийин тарткатылып, жаңы президент эртеси күнү өкмөт түзгөндү Ганнушиге тапшырган. Өткөөл өкмөттү жарыялоо Бен Алинин партиясын таркатууга жана анын ынактарын бийликтен кетирүүгө чакырган көчө жүрүштөрү менен коштолду.

Бен аличилер жаңы өкмөттүн "майлуу орундарында"

Мохаммед Ганнуши 17-январда кечке жуук билдиргенге караганда, коалициялык өкмөткө үч оппозициялык партиянын көсөмү кирген. Атап айтканда, оппозицияга региондорду өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтери тийген. Бирок коргоо, ички иштер, финансы жана тышкы иштер министрлери болуп дайындалган адамдар Зин ал-Абидин Бен Али тушунда Ганнушинин жетеги астында өкмөттө иштеген адамдар.

Жаңы өкмөт өлкөнү тартипке салып, саясый жана экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууну өз мүдөөсү деп эсептейт. Жакынкы мезгилде, Ганнушинин айтышынча, бардык партияларга өлкөнүн саясый турмушуна катышууга уруксат берилет. Чейрек кылымга жакын бийликте отурган Бен Али заманында коммунисттик партия менен исламчыл партияларга Тунисте тыйуу салынган болчу.

Утурумдук өкмөттү жарыялоо Бен Али менен коюн-колтук иштеген анын жакын чөйрөсүн бийликке жолотпоону талап кылган демонстрациялар менен коштолду. Көчөгө калкып чыккан эл, анын ичинде аялдар:”Биз аларды жек көрөбүз! Биз алардын мындан ары дагы бийликте болушун каалабайбыз! Жоголсун! Жоголсун! Жоголсун!” деп асман жаңыртып талап кылып жатышты.

Полиция дүйшөмбү күнү Тунистин борбордук аянтына чыгып, Бен Алиден калган башкаруучу партия - Конституциялык демократтык жыйынды таркатууну талап кылган миңдей адамды суу бүркүп жана асманга ок атып кууду.

Өлкөнүн ички иштер министри Ахмед Фриаанын маалымдашынча, акыркы күндөрдөгү тополоңдордо 78 кишинин каны төгүлгөн. Фриаа министрликти өткөн аптанын ортосунан бери жетектейт. Мурдакы министр жумушсуздукка нааразы болуп, көчөгө чыккан элге ок аттырып, ырасмий маалымат боюнча, 20дан ашуун адамдын өмүрү зобун болгондон кийин Бен Али тарабынан кызматтан алынган (Адам укугун коргоочу жана жана башка эл аралык уюмдар өткөн аптанын ортосуна чейинки полиция менен кагылышууларда 50дөн ашуун адам набыт болгонун билдирген).

Фредрик Волпи-Шотландиядагы Ыйык Адрю университетинин изилдөөчүсү. Ал коалициялык өкмөттө олуттуу өзгөрүүлөр болмоюнча, элдик толкундоолор токтобойт деп боолгойт.
Парламенттин азыркы төрагасы жана премьер-министр өзү Бен Алинин мурдакы режими менен байланышкан адамдар. Алар азыр өздөрүн реформатор катары көрсөтүүдө жана Тунистин демократияга өтүүсүнө жетекчилик кылышмакчы”,-дейт Волпи. Анын пикиринче, Конституциялык демократтык жыйындын мүчөлөрүн маанилүү министрликтердин башына дайындооо, парламенттин 90 проценти ушул эле партиянын өкүлдөрүнөн турганы-Бен аличилер саясый бийликти колдон чыгарууну каалабаганын күбөлөйт.

Германия өкмөтү дүйшөмбү күнү Тунистин жетекчилигин демократияны көздөй олуттуу өзгөртүүлөрдү жасоого чакырды.

Ушу азыр Тунисте туруктуулук орнотууга реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Стабилдүүлүккө карай жол - демократия аркылуу өтөт. Германия өкмөтү Туниске кайрылып, мыйзам башкарган, жарандардын укугу, көз караштардын жана сөз эркиндигин камсыздаган демократияга өтүү мүмкүндүгүн пайдаланууга ачык үндөйт”, - деп кайрылды Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле.

XS
SM
MD
LG