Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Тунис: Өкмөттүн "толгоосу" качан бүтөөрү белгисиз


Саудияга качкан президент Зин ал-Абидин Бен Алинин сүрөтү. Тунис шаары, 16-январь, 2011-жыл.
Саудияга качкан президент Зин ал-Абидин Бен Алинин сүрөтү. Тунис шаары, 16-январь, 2011-жыл.

Премьер-министр Мохаммед Ганнушинин билдиришинче, Тунисти өткөөл мезгилде жетектөөчү коалициялык өкмөттүн курамы дүйшөмбү күнү, 17-январда, жарыяланышы мүмкүн.

Өлкөнү 23 жыл дээрлик башкарган Зин ал-Абидин Бен Али жума күнү журтун таштап кеткенден кийин Мохаммед Ганнушиге өкмөт түзүүнү убактылуу президент Фуад Мебазза ишемби күнү тапшырган.

Исламчыл партиялар курама өкмөткө чакырылбады

Утурумдук премьер-министр Мохаммед Ганнуши оппозиция лидерлери менен коалициялык өкмөттүн түзүмү боюнча сүйлөшүү үзүрлүү жүрүп жатканын билдирди. Ал жекшемби күнү Тунис телевидениесине берген
Убактылуу премьер-министр Мохаммед Ганнуши улутташтарына сыналгыдан кайрылууда. 14-январь 2011
интервьюда жаңы бирдиктүү өкмөт Тунистин жаңы тарыхын баштайт деди:

- Эркиндик нандай зарыл нерсе, себеби биз эркиндиксиз ар намысыбызды жоготобуз, биз эркиндиксиз жаратмандык касиетибизди жоготобуз. Сүйлөшүүгө катышкан бардык тараптар ушундай ишенимде. Биз жаңы өкмөттү түзүү боюнча жигердүү кызматташуудабыз. Балким, биздин жаңы тарыхыбызды баштачу бирдиктүү коалициялык өкмөттү эртең (дүйшөмбү күнү) жарыялайбыз. Кудай кааласа, Тунис бүт дүйнөгө жакшы өрнөк болот. Биз элдин эрки сөзгө эмес, аракетке негизделгенин (дүйнөгө) көрсөтөбүз.

Убактылуу президент Фуад Мебазза жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө саясый турмушка бардык саясый күчтөр катыша алат деп, “улуттун үлкөн кызыкчылыгына” ылайыктуу бирдиктүү өкмөт түзүүгө
Демонстрант 17-январдагы көчө жүрүшү маалында полициячы менен жөөлөшүүдө. Тунис шаары. 2011
үндөдү.

Бирок Ганнуши өкмөттү куруу боюнча сүйлөшүүгө бардык байыстуу партиялар гана катышарын эскерткен:

- Жаңы коалициялык өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүү чынында ийгиликтүү жүрүүдө жана чукулку күндөрү биз саясый системаны кайра курууну, тагыраак айтканда, саясый системаны жакшыртуунун жана демократтык системаны түзүүнүн жолдорун талкуулаганага жарамдуу болобуз. Бул жана социалдык- экономикалык өнүгүү бардык тунистиктердин турмушун оңдоого мүмкүндүк түзөт.

Маалыматтарга караганда, коммунисттер менен исламчыл партиялар жаңы өкмөттү түзүүгө чакырылган эмес. Аларга мурдакы президенти Зин ал-Абидин Бен Алинин 23 жылдык башкаруусу кезинде тыйуу салынган.

Кээ бир булактардын билдиришинче, премьер-министр Ганнуши мурдакы өкмөттө өзү менен чогуу иштешкен айрым министрлерди өз ордундарында калтырат. Мисалы, Бен Али тактыны таштап качардан бир-эки күн алдың ички иштер министри болуп дайындалган Ахмед Фриаа алмаштырылбайт экен.

Тышкы иштер министри Кемал Мержан дүйшөмбү күнү кечинде Египетке аттанат. Ал жерде Араб өлкөлөрүнүн лидерлерин Тунистеги жагдай менен тааныштырат. Буга караганда, ал да жаңы өкмөттө иштей берет.

Бен Алинин режимине оппозициядагы Прогрессивдүү демократтык партиянын негиздөөчүсү Нажиб Чебби аймактарды өнүктүрүү министри болору айтылууда. Оппозициянын өкүлдөрү ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтерин жетектейт деген маалымат бар.

Шаарларда "Өлүм эскадрондору" пайда болду

Тунистиктер дүйшөмбү күнү өткөн аптадагы тополоңдо ыраспасы чыккан көчөлөрдү иретке келтирип, өкмөттүк мекемелер иштей баштады. Бирок эл ичинде Бен Алинин тарапкерплери аны кайра алып келүү үчүн өлкөдө башаламандык уюштурмакчы болууда деген кооптонуу күчтүү.

Аскерлер жана полиция автомобилде бараткан шектүү эки адамды кармашты. Тунис. 16-январь 2011
Жекшемби күнү Тунистин президент сарайы жайгашкан бай району - Карфагенде (Carthage) коопсуздук күчтөрү менен мурдакы президенттин күзөтчүлөрү ортосунда ок атышуу болду.

Улуттук банктын жанындагы имараттын төбөсүндө жашынып алган согушчандар менен болгон аткылашууда болсо полиция эки адамды жок кылганы маалымдалды.

Тастыкталбаган маалыматтарга караганда, коопсуздук күчтөрүндөгү Бен Алиге ишенимдүү топтор өткөөл өкмөттү курууга жол бербөө үчүн элди коркутуп-үркүтүүдө жана ар кандай бузукулуктарды жасашууда. Андан пайдаланып, кээ бирөөлөр талап-тоноочулук кылышууда.

Тунис шаарынын жашоочусу Халеддин айтымында, акыркы күндөрдө өлкөнү тербеткен тополоңдор 1978 жана 1984-жылдардагы кандуу булоондорго окшошуп кетет:

- Өткөндү унуткан өлкөнүн келечеги жок. 1978-жылы кандуу тополоң болду. 1984-жылы да азыркыдай кан төгүлдү. Ушу тапта көчөлөрдө “өлүм эскадрондору” пайда болду. Алар өлкөгө өрт коюп, элди коркутушууда. Алар өлкөнү астын-үстүн кылып, мамлекетти өздөрүнө окшогон “кыраакы адамдардын тобу” башкара алат деп элди ишендирүү үчүн абактан кылмышкерлерди бошотушту.

Мындай жагдайда Тунистин ар кайсы бөлүктөрүндө жергиликтүү бир өңчөй кийинген өзүн-өзү коргоочу топтор түзүлдү.

Алар чоочун адамдарды текшерип, коменданттык саат учурунда полицияга тартип сактоого жардамдашууда.

XS
SM
MD
LG