Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Тунис улуттук биримдик өкмөтүн куруу аракетинде


Президенти бийликтен кулатылган Тунисте коалициялык өкмөт курууга аракет жасалып жатат. Өлкөнүн мыйзамдуу саясий партияларынын башкылары кечээ улуттук биримдик өкмөтүн куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Аймактагы оппозициячыл саясатчылар менен активисттер Тунистеги окуялар башка араб өкмөттөрү үчүн ачык коңгуроо болгондугун белгилешүүдө. Чоң болбосо да майда демонстрациялар жекшемби күнү айрым араб өлкөлөрүндө өттү.

Жыйырма үч жылга созулган президенттик бийлиги тополоңдордун соңунан ушул жума күнү күтүүсүздөн кулап, жетимиш төрт жаштагы Бен Али Сауд Аравияга качууга аргасыз болгондон кийин утурумдук мамлекет башчысы катары ишемби күнү парламент спикери Фуад Мебазза ант берди жана премьер-министр Мохаммад Ганнушиден жаңы коалициялык өкмөттү курууну суранды. Улуттук биримдик өкмөтүнө кабарларга караганда, оппозициядагы партиялар да кирчүдөй. Тунистин Конституциясы боюнча жаңы шайлоо эки айдын ичинде өтүүсү керек.

Тартип орнотуп, талап-тоноолорго жана башалмандыктарга жол бербөө үчүн өлкө борборунун көчөлөрүн аскерлер менен танктар көзөмөлдөөдө. Түнкүсүн коменданттык саат киргизилген. Кечээ күндүз өлкөдө кырдаал салыштырмалуу тынчыраактай болду, кечинде кайрадан атышуулар жанданганы жөнүндө кабарлар түштү. Президент бийликтен кулатылгандын алгачкы түнү имараттар өрттөлүп, талап-тоноолор, кыянатчылыктар орун алган. Эки түрмөдө тополоң чыгып, айыпкерлердин бир бөлүгү качып кеткен. Алардын бириндеги өрттөн 42 киши каза тапкан.

Бул аралыкта Тунистин коопсуздук күчтөрү тартип орнотууга аракеттенүү менен президенттин күзөт кызматынын башчысын жана ок атышууларга тиешеси бар деп шектелген ондогон адамдарды камакка алды. Жергиликтүү тургундардын бири учурдагы жагдай тууралуу мындай дейт:

- Биз азыр өз үйлөрүбүздү коргоого муктажбыз. Бирок бүгүнкү Тунис биз мурда көрүп жүргөнгө окшош эмес. Мурда биз баарынан коркчубуз. Бири-бирибизге калп айтчубуз. Азыр баарыбыз чогуу ийиндешип турабыз. Биз коррупцияга “жок” дедик, ага каршылык көргөзүүнү улантабыз.

Эл коркуу сезиминен арылганын Тунистин экинчи бир тургуну да айтат:

- Кудайга шүгүр, биз азыр өзбүздү коопсуз сезип жатабыз. Биздин рухубуз жанданды. Адамдардын баары бактылуу. Мындан ары коркунуч болбойт. Мен баарына коркпогула деп айтып жатам.

Коңшулар үчүн ыктымал таасири

Батыш өлкөлөрү Тунистин бийликтерин алдыда ачык жана адилет шайлоо өткөрүүгө чакырышты. Өлкөдөгү окуяларга араб дүйнөсүндө да кызыгуу менен байкоо салып жатышат. Facebook, Twitter өңдүү сайттарда, блогдордо тунис элин колдогон, куттуктаган сөздөр жазылууда. Араб дүйнөсүнүн айрым оппозициячыл саясатчылары өз комментарийлеринде автократ президентти бийликтен кулаткан Тунистеги көчө жүрүш аймак үчүн мисалга айланып, башкаларды да шыктандыруусу мүмкүндүгүн белгилешүүдө.

Вашингтондогу Карнеги корунун талдоочусу, Араб реформа бюллетени деген интернет журналдын редактору Мишель Данн (Michele Dunne) Тунистеги окуялардын коңшуларга тийүүчү ыктымал таасири тууралуу мындай дейт:

- Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштын азыркы жаш мууну Интернет, сателлит теле көрсөтүү менен өсүп жатат, өз өкмөттөрүнөн көбүрөөк нерсени сурашууда. Андыктан аймактагы өлкөлөр бул окуяларды көргөндө тынчсыздануусу керек. Иш Тунистегидей алыс кетеринин белгилери азырынча жок экендигине карабай, биз башка араб өлкөлөрүндө: Алжирде, Иорданияда Тунистеги демонстрациялар шыктандырган нааразылык акцияларын көрдүк.

Толкундоолордун эпкини

Жекшемби күнү Египеттин борбору Каирде, Тунистин элчилигинин жанында чакан нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар Египеттеги жагдай деле Тунистегиге окшоштугун, калк коррупциянын, жакырчылыктын запкысын көрүп жатканын, узактан бери автократ президент башкарган өлкөдө эркиндик жоктугун айтышты. Египет президенти Хосни Мубарактын бийликте турганына отуз жылдын жүзү болуп калды.

Иорданиянын борбору Амманда болсо жекшемби күнү 3000дей киши парламент имараты алдында өкмөттүн экономикалык саясатына каршы нааразылык акциясына чогулушту. Алар премьер- министрди элге жүзүн бурууга чакырып, “калпты токтотуу керек, биздин келечек жок”,-дешсе, дагы 50дөй демонстрант Тунистин элчилиги астына барып, “Тунистеги ыңкылап жайылат” деп кыйкырып жатышты.

Йеменде студенттер борбор Сананын көчөлөрүндө жүрүш жасап, араб дүйнөсүн “коркок жана калпычы лидерлерге” каршы ыңкылапка чакырды.

Ливанда тунис элине колдоо көргөзөбүз деген активисттер кечээ БУУнун Бейруттагы кеңсеси алдына жыйналышты. Алардын бири Бессам аль-Кентар мындай дейт:

- Бул тунис элине тилектештик акциясы. Алар араб дүйнөсүндө биз баарыбыз калк тарабынан шайланбаган коррупцияланган режимдер менен өкмөттөрдү бийликтен шыпырып түшүү боюнча чарага муктаж экенибизди көргөздү.

Бахрейинде активисттердин Тунис элчилиги астында демонстрация өткөрүүсүнө бийликтер уруксат берген эмес.

Узактан бери тактыда турган араб лидерлери ичинен Ливиянын президенти Муаммар Каддафи Тунистеги окуяларды алгачкылардан болуп сындап чыкты. Орун алып жаткан көрүнүштөргө “большевиктик же америкалык ыңкылаптарга окшош” деген мүнөздөмө берип, “Тунис азыр коркунучта жашап жатканын” белгиледи.

Тунис чет элдик туристтер эс алуу үчүн көп барган өлкөлөрдүн бири эле, башалмандыктар алардын өз мекендерине шашылыш кайтуусун шарттоодо.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG