Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

БШК добуштарды эсептөөнү улантууда


Президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумга берилген добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөк. 10-январь, 2021-жыл.
Президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумга берилген добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөк. 10-январь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумунда берилген добуштарды кол менен эсептөөнү улантууда. БШКнын маалыматына караганда, 15-январга карата чет өлкөдө жайгашкан беш шайлоо участогунан добуш бюллетендери келе элек.

Жалпысынан кол менен эсептөөдө шайлоого жана референдумга берилген добуштардын пайызы теңелип, 39,29% түздү. Ал эми добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн берген маалыматында шайлоого добуш бергендер 39,27%, ал эми референдумга добуш бергендер 39,43% түзгөн.

Боршайком маалымдагандай, кол менен эсептөөдө берилген добуштарда өзгөрүү болгон эмес. Референдумга берилген добуштардын 81,44% «президенттик башкаруу» үчүн, ал эми шайлоого берилген добуштардын 79,28% талапкер Садыр Жапаров үчүн деп берилген.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөн. Мамлекет башчылыкка ат салышкан 17 талапкердин ичинен баштапкы маалыматтар боюнча Садыр Жапаров 79,22% добушка ээ болуп, атаандаштарынан кыйла озуп кеткен.

Ал эми мамлекеттик башкаруунун «президенттик» жана «парламенттик» формалары шайлоочулардын тандоосуна коюлган.

Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен. Анын ордунда 6-октябрь күнү массалык башаламандык учурунда тарапкерлери абактан бошоткон Садыр Жапаров 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган. Жапаров 16-октябрда премьер-министр болуп дайындалган болчу. Бир айга чукул убактан соң, 14-ноябрда президенттик жарышка катышуу үчүн өкмөт башчылыкты биринчи вице-премьер министр Артем Новиковго, ал эми президенттин милдетин аткарууну Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG