Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Эскирген таттуулар сакталган кампа жабылды


Эскирген азыктар. Сүрөт Финполго таандык. 12-январь, 2021-жыл.
Эскирген азыктар. Сүрөт Финполго таандык. 12-январь, 2021-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 12-январда эскирген кант, печенье жана башка таттуулар сакталган кампаны таап жаапты. Мекеменин басма сөз кызматы 15-январда маалымдагандай, кампада 2017-2018-жылдары эле мөөнөтү аяктаган таттуу азыктар сакталып турган. Мындан тышкары кампадан таңгакталган азыктардын жасалган мөөнөтү тууралуу маалыматтарды өзгөртүүчү жабдуулар, таттуу азыктардын жасалган күнү жазылбаган актай таңгакчалары да табылган. Кампага мөөр басылып, жабылды.

Финполиция бир ай мурун жаңы жылдык майрамдарга карата эскирген таттуу азыктарды таңгактап, сатуу фактысын да аныктап, кылмыш ишин козгогон. Анда айрым ишкерлер эскирип, мөөнөтү өтүп кеткен таттуу азыктарды жаңы жылдык кооз кутуларга таңгактап, Бишкектеги жана Оштогу ири соода дүкөндөрүнө, базарларга өткөрүшкөнү аныкталганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG