Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Мукашев: Учурда дефолт коркунучу жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын финансы министри Кыялбек Мукашев бул тууралуу бүгүн, 15-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын бюджетин кабыл алууда пенсия, жөлөк пул, бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары сыяктуу милдеттүү төлөмдөрдүн ички булактары такталган. Мукашев ошондой эле пенсия төлөнбөй калат деген тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди:

«Азыр «Соцфонддо акча жок, пенсия төлөй албайт» деген тынчсыздануу көбөйдү. Биздин мыйзамдар Соцфонддо акча жетишсиз болгон учурда бюджеттен каржылоого мүмкүнчүлүк берет», деди министр.

Финансы министрлиги өлкөнүн тышкы карызынын бир бөлүгүн жоюу боюнча Париж клубунун линиясында сүйлөшүүлөр уланып жатканын да билдирүүдө. Министрдин орун басары Мирлан Байгончоковдун басма сөз жыйынында айтканына караганда, учурда «Жашыл экономика» долбоорлоруна карызды алмаштыруу боюнча донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөй турган төрт миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатат. Финансы министрлиги бул боюнча донорлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлады.

Министр Кыялбек Мукашев мурдараак Париж клубу жана донорлор менен 4,1 миллиард сомго жакын акчаны пролонгациялоо (кийинки жылдарга жылдыруу) боюнча келишимдер каралып жатканын билдирген. Анын айтымында, 2020-21-жылдар Кыргызстанга жеңилдетилген мөөнөт болот.

Финансы министрлигинин соңку маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% - тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөйө баштайт. 2027-жылы бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Өлкө 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 миллиард доллар грант жана насыя алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG