Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Сурабалдиева: Өкмөттүн пандемия учурундагы ишмердигин иликтеген комиссиянын иш мөөнөтү узартылды


Мектептин спорт залына ачылган стационар. Жалал-Абад. Июль, 2020-жыл.
Мектептин спорт залына ачылган стационар. Жалал-Абад. Июль, 2020-жыл.

Бул тууралуу вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, мекеме аралык комиссиянын иши айрым мамлекеттик органдардан маалымат кагазын алуу кечиккенине байланыштуу узартылган. Сурабалдиева комиссиянын баштапкы корутундусу 14-январда угулганын, бирок азырынча корутундулар жана сунуштар жарыяланбай турганын жазган.

«Алдын-ала айтып коеюн, коронавирус менен ооруган адамдардын жана андан көз жумгандардын саны тууралуу комиссиянын корутундусундагы маалыматтар менен штаб берген маалыматтын айырмасы бир нече миң. Пандемиянын биринчи толкунунда айрым аткаминерлер документтерди создуктурганы үчүн ооруну дарылоодо жана дары менен камсыз кылууда башаламандык болгон. Ич ара сүйлөшүп алып, айрым адамдар пандемиядан бизнес кылышкан», деп жазган Сурабалдиева.

Вице-премьер министрдин белгилөөсү боюнча комиссия ишинин корутундусу боюнча бир да катардагы медицина кызматкери жооп бербейт.

«Дарыгерлер адам өмүрүн сактап калууга аракеттенип чуркап жүрүшкөндө, айрым жетекчилер ден соолугуна байланыштуу узак эмгек өргүүсүнө чыгып кетишкен. Кээ бир бейтапканалардын башкы дарыгерлери «кызыл аймакка» кадам таштаган эмес. Гуманитардык жардам уурдалган», деди ал.

Сурабалдиеванын маалыматына таянсак, пандемия учурундагы гуманитардык жардамдын жана башка каражаттардын сарпталышын иликтеген мекеме аралык комиссия маселелерди ачып эле тим болбой, аларды чечүү боюнча сунуштарды да киргизет.

Финполиция 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 12-январда бул иштин алкагында экс-премьер-министр Кубатбек Боронов да сурак берип чыккан.

Коронавирус пандемиясынын кесепети менен күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 млн. 432 795 доллар берилери кабарланган. Мунун ичинен 177 млн. 049 миң доллар грант, калганы насыя. Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, жалпы жардамдын ичинен жыл аягына чейин 346 млн. 826 269 доллары алынган. Бирок келген каражаттардын максатсыз пайдаланылганы азыркыга чейин айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG