Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

Көлбаевге тиешелүү кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналган жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкерлери Камчы Көлбаевге таандык деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен 31 жаштагы (аты-жөнү баш тамгалар менен белгиленген - Ш. А.) жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жазык кодексинин 98-99-беренеси ("Кармоонун себептери" жана "Шектүүнү кармоо тартиби") боюнча аталган шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналган бул адам 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда акыркы айларда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалууда. Ошто жана Бишкекте криминалдык чөйрөнүн бир катар төбөлдөрү кармалган. Эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылган Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 23-октябрдагы чечими менен ал тергөө бүткүчө камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG