Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Баткенде аткезчиликтен 10 млн. сомдон ашуун акча өндүрүлдү


Баткен шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы Баткенде аткезчилик менен алектенгендерден мамлекетке 10 млн. сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Жалпысынан кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз жүк ташууга жана алып кирүүгө бөгөт коюу аракеттеринин натыйжасында өткөн жыл ичинде 168 факты катталган.

Облустун жетекчиси бул боюнча атайын кеңешме өткөрүп, жыйында аткезчиликке каршы күрөшүү ишин күчөтүүнү, рейддерди жүргүзүүнү, аткезчилик кездешиши мүмкүн болгон чек ара аймактарында көзөмөлдү күчөтүүнү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшкөндөрдү аныктоону, мыйзамдуу иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Баткен облусунда Тажикстан жана Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасынын толук такталбаганы аткезчиликтин күч алышына себеп болуп келет.

Негизинен Тажикстанга Кыргызстандан көмүр, күрүч, өрүк, мал жандык жана айыл чарба өндүрүмдөрү кетет. Ал эми Тажикстандан кайра иштетилген эт-сүт азыктары, жашылча, жер-жемиштер, тамеки кирет.
(JsA)

XS
SM
MD
LG