Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:52

Финпол ПЦР тесттердин жасалма жыйынтыгын даярдаган кылмыш тобун аныктады


ПЦР тесттин коронавирус жоктугу тууралуу жасалма корутунду. (Сүрөт Финполго таандык). 15-январь, 2021-жыл.
ПЦР тесттин коронавирус жоктугу тууралуу жасалма корутунду. (Сүрөт Финполго таандык). 15-январь, 2021-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирустун жоктугун билдирген ПЦР тесттердин жасалма корутундусун даярдап жүргөн кылмыш тобун аныктады. Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мындай жасалма корутундулар 1-2 сааттын ичинде берилген:

"Бул кылмыш тобуна кирген адамдар эч кандай лабораториялык изилдөө жүргүзбөй туруп, жарандарга ПЦР тесттин коронавирус жоктугун аныктаган жасалма корутундусун 1-2 саат аралыгында берип турушкан. Ал үчүн ар бир жарандан үч миң сомдон акча алышкан".

Бул факты боюнча шектелип К.Т. жана Т.у.Б. аттуу жарандар кармалган. Алардын үйүн тинтүү учурунда Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар үчүн алдын ала даярдалган жасалма корутундулардын кагаздары табылган.
Учурда бул ишке башка адамдардын, анын ичинде медициналык мекемелердин кызматкерлеринин тиешеси бар-жоктугун аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал эми кармалган жарандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар же алардын тарапкерлери тарабынан финполдун маалыматына комментарий боло элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG