Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:39

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады (видео)


Шектүүнү кармап алып келүү учурунан тартылган сүрөттү УКМК жөнөттү.
Шектүүнү кармап алып келүү учурунан тартылган сүрөттү УКМК жөнөттү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын билдирди. Анын үстүнөн Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Расмий маалыматка ылайык, Төрөкулов 15-январда Ош шаарында колго түшкөн. Бишкекке учак менен жеткирилген. Ал Оштогу тери иштетүүчү заводду жемкорлук жана рейдерлик жолу менен басып алган деп айтылууда. Депутаттын шериги катары Чүйдөн Жантай Шаменов да колго түшкөн.

Алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:41 0:00

39 жаштагы Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты. "Азаттык" азырынча шектүүлөрдүн жакындарына же адвокаттарына байланышып, комментарий ала алган жок. (SE)

XS
SM
MD
LG