Ооганстанда белгисиз кишилердин огунан бери дегенде эки судья аял өлдү

Ооганстанда 2020-жылдын декабрында көчөдө уюштурулган кол салуудан кийин күч кызматкерлери окуя менен жеринен таанышууда. Сүрөт иллюстрация максатында колдонулду. Кабарга тиешеси жок.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда жекшемби күнкү кол салууда кеминде эки судья аял өлдү. Дагы экөө жараат алганын "Синьхуа" маалымат агенттиги укук коргоо органдарына таянып билдирди. Ал эми "Tolo News" телеканалы полицияга шилтеме берүү менен, эки аял көз жумуп, бирөө жарадар болгонун кабарлады.

ТАСС агенттигинин жазганына караганда, 17-январда эртең менен мотоцикл айдаган белгисиз адамдар соттор отурган унааны аткылашкан.

Окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалыматтар азырынча жок.

Башка темалардагы макала-баяндар

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиОкуу жайдын жамааты ырчыны кабыл албай жатат"Škoda" жана "Nivea" Беларуста өтүшү мүмкүн болгон хоккей чемпионатына демөөрчүлүк кылуудан баш тартты Баш мыйзамдагы «баланстын баш оорусу»Мигранттар пенсия менен камсыздалат Жогорку Кеңештин депутаты эки айга камалдыСарай жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчылары кызматтан алынды«Тилден уят сөздөрдү чийип салуу мүмкүн эмес»