Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

"Škoda" жана "Nivea" Беларуста өтүшү мүмкүн болгон хоккей чемпионатына демөөрчүлүк кылуудан баш тартты


Александр Лукашенко хоккей ойноп жатат. 2011-жылы тартылган сүрөт.
Александр Лукашенко хоккей ойноп жатат. 2011-жылы тартылган сүрөт.

Чехиялык автоунаа чыгаруучу "Škoda" компаниясы Беларуста 2021-жылга пландалган хоккей боюнча Дүйнө чемпионатын каржылоодон баш тартты.

28 жылдан бери хоккейдин Дүйнөлүк Кубогуна демөөрчү болуп келген компаниянын билдирүүсүндө адам укугуна урмат көрсөтүү иретинде Беларустагы чемпионатка быйыл демөөрчү болбой тургандыгы айтылган.

15-январда Чехияда жашаган беларустар Млада Болеславдагы "Škoda" имаратынын жанында чемпионатка демөөрчүлүк кылуудан баш тартууну талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Турнирдин дагы бир демөөрчүсү, дүйнөдөгү эң ири косметикалык жана денеге кам көрүүчү каражаттардын бири - "Nivea" да быйылкы иш-чараны колдоодон баш тартты.

Беларуста 2020-жылдын августундагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразычылык акциялар дагы эле уланууда. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Бирок бул жыйынтыкты оппозиция да, көз карандысыз байкоочулар да тааныган жок.

Беларустун коопсуздук күчтөрү бир нече айдан бери Лукашенкого каршы нааразычылык акцияларын катуу басып келүүдө. Миңдеген адамдарга айып салынып, камакка алынды, көпчүлүгү катуу сабалганын айтып чыгышты. Ондогон демонстранттар желим октордон жана гранаталардын сыныктарынан жараат алып, бир нече киши каза тапты.

11-январда Лукашенко Минскиге атайын учуп келген Эл аралык шайба хоккей федерациясынын президенти Рене Фазель менен жолугушуп, 2021-жылы Беларуста Дүйнө чемпионатын өткөрүү планын талкуулаган.

Беларус коомчулугу, оппозиция, Латвия тарап, ошондой эле чемпионаттын башка бир катар катышуучулары Тынчтык акцияларын ырайымсыздык менен баскандыктан, хоккей федерациясын бул турнирди Беларуста өткөрбөөгө чакырышты. Азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.

Лукашенко хоккейди сүйгөндүктөн, чемпиондук өткөрүүнү эң маанилүү окуялардын бири деп караган. Бирок, ага "сабырдуулук менен" бойкот жарыялай тургандыгын айтты.

"Эгерде Эл аралык шайба хоккей федерациясы айрым өлкөлөрдөгү саясий чөйрөнүн кысымына туруштук бере албаса, анда Беларуста Дүйнө чемпионаты болбойт",- деди Лукашенко Фазелге.

XS
SM
MD
LG