Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Сарай жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчылары кызматтан алынды


Мунарбек Сайпидинов.
Мунарбек Сайпидинов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Оштун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов тергөө аяктаганга чейин кызматтан алынганын билдирди. Ош шаардык соту 14-январда ушундай чечим чыгарган.

Шаардык соттун 15-январдагы чечими менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев да тергөө аяктаганга чейин кызматтан алынды.

Экөө тең мектеп курулушуна сарпталган каражатты ашыкча көрсөтүп, сапатсыз курулушту кабыл алган деп шек саналууда. Тургунбаев 6-январда, Сайпидинов 11-январда кармалган. Андан тышкары, Сайпидинов уюшкан кылмыштуу топ түзүү фактысына байланыштуу да күбө катары өтүүдө. Ош шаардык соту экөөнү тең үй камагына чыгарган.

"Азаттык" кылмышка шек саналган эки аткаминердин өзүнөн же жакындарынан, адвокаттарынан азырынча комментарий ала алган жок. (SE)

XS
SM
MD
LG