Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев үй камагына чыгарылды


Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тургунбаев 6-мартка чейин үй камагында болот. Ал эч жакка кетпөөгө милдеттендирилди.

Айыл өкмөт башчысы Тургунбаев үй камагына чыккандан кийин ден соолугуна байланыштуу жеке ооруканалардын бирине дарыланууга жатканы кабарланды.

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан 6-январда кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.

Мекеменин басма сөз кызматы 45 жаштагы жергиликтүү аткаминер Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна кеткен 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөнүн, андан тышкары сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат бергенин билдирген.
Маалыматка ылайык, Сарай айылына орто мектеп куруу үчүн 140 230 670 сомдук тендер жарыяланган. Натыйжада 137,9 млн. сом сунуш кылган «Акмат курулуш» ишканасы жеңүүчү деп табылып, анын жетекчиси менен айыл өкмөттүн ортосунда келишим түзүлгөн. Мындан тышкары ушул эле ишкана менен мектептин кошумча курулуш иштерине дагы 21 105 463 сом бөлүү боюнча келишим түзүлгөн.

Сарай айыл өкмөтү Кара-Суу базарынын эсебинен Кыргызстандагы эң бай деп эсептелген беш айыл өкмөттүн бири болуп саналат. Айыл өкмөттүн казынасы 100 миллион сомдон ашык болгонуна карабай, айылда таза суу, жол, электр, канализация, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык маселелер чечилбей келатканын журналисттер жазышкан.

2018-жылы Сарай айылдык кеңешинин бир топ депутаттары айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранып президентке кайрылышкан. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG