Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Кара-Кулжада белгисиз адамдын огунан эки милиция кызматкери жарадар болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору С. Б.га кол салынып, бытырадан алган жараатынан райондук ооруканага жеткирилген. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, окуя 13-январга оогон түнү, саат 01:10 чамасында болгон.

«Милициянын кенже лейтенанты С.Б. Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө «Нива» үлгүсүндөгү автоунаасында отурган кезде ага бейтааныш адам кол салган. Шектүү автоунаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16-калибрдеги кош сайлуу куралынан капысынан ок аткан. Натыйжада Б.С.нын эки далысынын ортосуна 7-8 чачма ок тийген», деди Жеңиш Аширбаев.

Анын айтымында, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда дагы бир милиционер Д. К.га артынан белгисиз бирөө атып жиберген. Ал табелдик куралы менен ок чыккан тарапка аткан кезде бейтааныш адам качып кеткен.

Жарадар болгон милиционерлер райондук ооруканага жеткирилген, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Ал эми бул окуя боюнча Жазык кодексинин 39-беренеси («Кылмышка аракеттенүү»), 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен бирдиктүү реестрге катталган. Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында тергөө амалдары жана шектүүнү аныктап, кармоо аракети жүрүп жатат.

Бул окуяга байланыштуу райондо «Перехват» операциясы киргизилип, тиешелүү жерлерге посттор орнотулду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG