Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

«Кыргыз көмүр»: Кара-Кеченин көмүрүнүн ышка тиешеси жок


Бишкек ЖЭБи. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек ЖЭБи. Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Кече көмүрүнүн нымдуулугу орточо 22-23% түзөт. «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы бул Бишкекти каптаган ышка тиешеси жок экенин маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) лабораториясынан Кара-Кече көмүрүнүн бардык партиясы текшерилип, оң баа берилгенин маалымдоодо. Маалыматка ылайык, «Кыргыз көмүр», «Электр станциялары» ишканасынын жана ЖЭБдин ортосундагы келишимдин талабы боюнча, Кара-Кеченин көмүрү ЖЭБге толугу менен туура келет.

6-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) абага булганыч заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек ЖЭБинин жооптуу кызматкерлерине карата сотко чейинки териштирүү ишин ачып, тергөө башталганын маалымдаган.

Ага чейин Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБине Кара-Кеченин көмүрү туура келбегенин, ЖЭБдин курулушун кылгандар жоопко тартыларын айткан.

Көп өтпөй Бишкек мэриясы да ЖЭБге Кара-Кече көмүрү туура келбей турганын билдирген.

Бишкек ЖЭБи жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектейт. Ишкананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миң тоннасы күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз, айрым бөлүгү электр жарыгысыз калган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер баш болгон жогорку кызмат адамдары соттолгон.

Кыргызстандык экологдор өлкө бийлигин экологиялык жактан таза кубат булактарын колдонууну көбөйтүүгө чакырып, суу кубатына кошумча күн, өзөктүк жана жел кубатын пайдалана баштоо зарыл экенин айтып жүрүшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG