Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Савай айыл өкмөт башчысы үй камагына чыкты


Мунарбек Сайпидинов сотко келген учурда. Ош шаары. 13-январь, 2021-жыл.
Мунарбек Сайпидинов сотко келген учурда. Ош шаары. 13-январь, 2021-жыл.

Ош шаардык соту 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын жабык карап, аны үй камагына чыгарды. Отурумга журналисттер киргизилген жок.

«Соттун чечими менен Мунарбек Сайпидинов үй камагына чыгарылды. Ал эч жакка кетпейт. Сайпидинов өзүнө коюлуп жаткан айыптарды мойнуна алган жок. Азырынча шек гана, расмий түрдө айып коюла элек. Алдыда дагы эки айлык тергөө бар», - деди адвокаты Динара Турдумаматова.

Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлаган.

Расмий маалыматка ылайык, Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланган жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алган.

УКМК ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймагындагы түрдүү кылмыштарды жасаган уюшкан топту түзүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүдө да Сайпидинов күбө катары өтүп келе жатканын билдирген.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Ош шаардык соту 12-январда Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевди да үй камагына чыгарган. Айрым маалыматтарга ылайык, ал Ош шаарындагы менчик ооруканалардын бирине дарылануу үчүн жаткан.

Тургунбаев Сарай айыл өкмөтүндөгү Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөн, сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат берген деп шек саналган. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында кармалып камалган.(ZKo/MrA)

XS
SM
MD
LG