Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Сооронкулова: Үгүт маалында коопсуздуктан улам аймактарга чыга алган жокпуз


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова үгүт маалында каржылык жана коопсуздук маселелеринен улам аймактарга чыгып эл менен жолугуша албаганын билдирди. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» «2х1» программасында айтты:

«Соцтармактагы баракчаларыма да жарыялап турдум, ар кандай опуза болду. Коркутуу онлайндан оффлайнга да өттү. Көчөдө баратсаң деле, таксиге түшсөң деле таанып калгандар «сен баланчага каршы чыгып атасың» деп атырылгандар болду. Ошол себептен биз корктук. Биздин штабда көбүрөөк кыз-келиндер иштейт, аларды «баскыла, аймактарга чыгып келели» дегенден кооптондум».

Клара Сооронкулова коркутуп-үркүтүү боюнча башкы прокурорго, Ички иштер министрлигине, Коопсуздук кеңешинин башчысына ачык кайрылуу жазганын, бирок реакция болбогонун кошумчалады.

10-январда Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан 17 кишинин арасында Клара Сооронкулова жалгыз аял талапкер болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы расмий маалыматына караганда, ал шайлоочулардын 1% добушун алып, жетинчи орунду ээледи.

Шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш топтоду. Чет мамлекеттердин лидерлери аны жеңиши менен куттукташууда.

Шайлоонун эртеси Бишкекте Жапаров шайлоого өзү менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. Ошондой эле ал сөз эркиндигин коргоого убада берген. (SE)

XS
SM
MD
LG