Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сотко катышкан жок


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 13-январга белгиленген териштирүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Сотко анын жүрөк оорусу жана омурткасында дарты бар экендиги тууралуу №47 абактан медициналык тастыктама жиберилген. Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан үч иш боюнча соттук отурум болгон жок. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мындан ары Атамбаевдин ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу өтүнүч сотко берилерин «Азаттыкка» билдирди:

«Мыйзам боюнча айыпталып жаткан адам саламаттыгына байланыштуу сотко катыша албаса, анда отурум болбойт. Ооруп жаткан адамдын иши өзүнчө бөлүнүп, токтоп турат. Ошондуктан, биз да Атамбаевдин ишин өзүнчө бөлүп кароосун соттон сураналы деп жатабыз».

Соттук отурум 18-январда уланат.

Учурда №47 колонияда жаткан Алмазбек Атамбаев 2019-жылы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандыкка, коррупцияга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кетишине байланыштуу да айыпталган. Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деп 11 жылга эркинен ажыратылган. Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу ишин Жогорку сот кайра териштирүүгө жиберген.

Кой-Таштагы башаламандыкка жана коррупцияга, ЖЭБ ишине байланыштуу козголгон кылмыш иштерине байланыштуу сот уланууда.

Январдын башында Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган иш сотко келип түшкөнү кабарланган.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG