Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Жалал-Абадда жетим балдарга акчалай жардам берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Араб Эмираттарынын жана Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда ата-энесинен ажыраган 82 балага жалпы суммасы үч млн. сомдук жардам берилди.

Ата-энесинен ажыраган балдардын тизмесин уюмга облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тактап берген. Маалыматка ылайык, акчалай көмөк чыныгы муктаж балдарга жетишин камсыз кылуу максатында каражаттар ар бир балага банк эсеби аркылуу которулган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда 509 томолой жетим, ата-энесинин биринен ажыраган 7 965 бала бар. (TB)

XS
SM
MD
LG