Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Курал Чокоевге 2011-жылы берилген «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси жокко чыгарылды


Курал Чокоев.
Курал Чокоев.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевге 2011-жылы ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарды.

Ошондой эле Кайрат Примбердиевди 2017-жылы берилген «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти» наамын жокко чыгаруу жөнүндө сунуш президенттик аппаратка жөнөтүлдү. Бул тууралуу министр Нуржигит Кадырбеков 13-январда «Азаттыкка» билдирди:

«Мындай чараны министрликтеги адистер, жетекчилер кеңешип туруп кабыл алдык. Бул биздин бекем позиция. Сөз эркиндиги - бул жоопкерчилик деген кеп. Ар ким өзүнүн ой-пикирин айтсын. Бирок бул маданият тармагындагы саясат жоопкерчилиги болгондуктан, бул жагынын баарын мыйзам чегинде кылып атабыз».

Эки ырчыга карата мындай чечим январдын башында «YouTube» порталына жүктөлгөн «В пи#ду звезду» маанайшат программасынан улам кабыл алынды. Курал Чокоев жана башка алып баруучу топ даярдаган шоуда сөгүнгөн жана уят сөздөр колдонулат.

Шоунун бир чыгарылышына ырчылар Кайрат Кыргыз (Салмакеев), дагы бирине Кайрат Примбердиев катышкан.

Министр Кадырбеков 9-январда билдирүү таратып, шоу адеп-ахлакка туура келбей турганын айткан жана ага катышкан эки ырчынын мамлекеттик наамдардан ажыратуу боюнча демилге көтөргөн. Ошондой эле мамлекеттик телерадиолордон клиптерин, ырларын берүүгө, маданият үйлөрүндө концерт өткөрүшүнө тыюу салынарын белгилеген.

Авторлордун бири Курал Чокоев шоуну даярдоодо кемчилик болгонун билдирип, конокторго алдын-ала программанын шарты түшүндүрүлөрүн, макулдугун алган соң гана даярдаларын айткан жана долбоорун токтотпой турганын кошумчалады.

Кайрат Примбердиев бул шоуга каршы чыгып жаткандарга кайрылып, коррупционерлерге, үрөй учурган кылмыштарды жасаган адамдарды актаган сотторго, мыйзамсыз иштерди жаап-жашырган укук коргоо органдарына да ушундай айбат көрсөтүүнү сунуш кылды.

Социалдык түйүндөрдө министрдин чечимин колдогондор да, сындагандар да болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG