Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленет


Рыспай Абдыкадыров.
Рыспай Абдыкадыров.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, бүгүн 12-январда атайын иш-чара уюштурулат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы эскерүү кечеси концерт менен коштолот.

Кече коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чакан форматта өткөрүлмөкчү.

Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болсо бүгүн 80 жашка толмок. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн.

1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында узакка созулган оорудан каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман-Тоонун этегине коюлган.

Абдыкадыров чыгармачылык жолунда 200 ашуун обон жараткан. Ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирип, эл арасында кеңири таанылган. (NT)

XS
SM
MD
LG