Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Элчилик: АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти болуп шайланды деп тааныйт


АКШ менен Кыргызстандын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ менен Кыргызстандын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум коронавирус пандемиясына карабай, жалпысынан жакшы өткөнүн билдирди. Элчилик бул тууралуу билдирүүсүн 11-январда таратып, кыргызстандыктар шайлоого кызуу катышканын белгиледи.

Билдирүүдө ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын, анын ичинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясынын байкоосу жөнүндө кеп болгон. Андагы добуш берүү айрым олуттуу мыйзам бузуу фактыларына карабай тынч өткөнү, бирок ошол эле учурда шайлоо өнөктүгүнүн учурунда талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнү, ал эми жергиликтүү «Жалпы иш» байкоо уюму үгүт өнөктүгүнүн мезгилинде жана шайлоо күнү шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү боюнча көптөгөн ишенимдүү айыптоолорду маалымдаганы белгиленген.

АКШ элчилиги Кыргызстандын укук коргоо органдарын конституциялык ченемдерге жана мыйзамдарга ылайык бул мыйзам бузуу фактыларын териштирүүгө чакырган.

Маалыматта: «Америка Кошмо Штаттарында болгон акыркы окуялар, демократия ар дайым жүрүп турган иш экендигин жана күчтүү, көз каранды эмес демократиялык институттарга берилүүнү талап кыларын эскертип турат. АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну, эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз», деп жазылган.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрү 11-январда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, талапкерлерге каржылык жана үгүт иштеринде бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн белгилешти.

Мурдараак «Human rights watch» эл аралык уюму Садыр Жапаровдун алдында Кыргызстанды эл аралык милдеттенмелердин негизинде, анын ичинде адам укуктары принциптерин сактоо менен жетектөө жоопкерчилиги турганын билдирген.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңеши сыяктуу уюмдар шайлоонун жыйынтыгын тааныганын жарыялашты.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагында жана «Твиттерде» жарыялады.

Садыр Жапаровду президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да куттукташты.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 киши добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын. (ZKo)

XS
SM
MD
LG