Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өтөт


Болот Шамшиев.
Болот Шамшиев.

Бишкекте бүгүн, 12-январда белгилүү кинорежиссёр, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндөгү иш-чара Шамшиевдин туулган күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Саат 14.00гө белгиленген иш-чарага маркумдун санаалаштары, кесиптештери жана күйөрмандары чакырылган. Уюштуруучулар пандемияга байланыштуу орундар чектелүү экенин айтып, беткап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого катышуучуларды чакырууда.

Болот Шамшиев СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы «Манас» ордени жана башка ата мекендик, чет элдик сыйлыктардын ээси болгон. Маркумдун көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-январда туура 80 жашка чыкмак.

Ал 1941-жылдын 12-январында туулуп, 2019-жылдын 21-декабрында дүйнөдөн кайткан. (NT)

XS
SM
MD
LG