Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схема боюнча шек саналып жатканын 22-январда билдирди.
Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши Жазык кодексинин «Коррупция» беренесине дал келбей турганын журналисттерге курган маалымат жыйында айтты.