Жапаров: Жаңы Конституция апрелде элдик референдумда кабыл алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында референдумда кабыл алынат. Бул тууралуу Орусиянын “Российская газета” басылмасына курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, өзгөртүүлөр референдумга чыгарылып, эл өз тандоосун жасайт.

Жапаров Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, республикалык бюджетти бекитүү, өкмөттүн жана административдик-аймактык түзүлүштүн жылдык отчетун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун айтты.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген. 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын көбү президенттик башкаруу формасын тандап алышкан. (RK)

Дагы караңыз

Нусрет Мамедов: Биздин корубуз данакерлигин улантатЖапаров: Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди1-марттан тартып 5 миңден ашуун кардардын электр кубаты өчүшү ыктымалБишкек: Мэрия унаа токтотуучу жай боюнча алгачкы келишимин үзмөй болду 27-февралдын аба ырайы