Шаардык кеңештерге катыша турган партиялардын документтерин кабыл алуу 2-мартка караган түнү саат 12де аяктады.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы билдиргендей, тиешелүү документтери менен арыздарын 27 партия тапшырды.
Алар: "Кыргызстандын жашылдар" партиясы, "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуу Журт", "Социал демократтар", "Патриот", "Кыргызстандын элдик демократиялык" партиясы, "Шайлоо эркиндиги", "Ишеним", "Кыргызстан коммунисттер" партиясы, "Ынтымак", "Замандаш", "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясы, "Реформа", "Биздин эл", "Ак Бата", "Кыргызстан жаштар прогрессивдүү" партиясы, "Улутман", "Кыргызстан", "Тынчтык", "Айкөл Кыргызстан", "Республика", "Элдик партия", "Элдик бийлик", "Кыргызстан" социалисттик партиясы, "Ата-Журт Кыргызстан", НДПК партиялары.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште болот. (NT)
Дагы караңыз
Жакшылык Матанов, ишкер: Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын билими тайкыАктивисттер президенттен кодулоого жол берилбестиги тууралуу позиция билдирүүнү талап кылыштыЮристтер: Конституциянын жаңы долбоорундагы 80 өзгөртүүнүн 31и кооптонуу жаратат Кытайлык жаранды тоноого шектүүлөр кармалды (видео)Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик сапары башталды