Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Активисттер президенттен кодулоого жол берилбестиги тууралуу позиция билдирүүнү талап кылышты


Атыр Абдрахматова, медиаюрист.
Атыр Абдрахматова, медиаюрист.

Жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту.

Гүлшайыр Абдирасулова, Мирзат Ажиев, Айсулуу Алымбек кызы, Тимур Шайхутдинов, Эркин Асаналиевдин кайрылуусун активист Атыр Абдрахматова таратты. Алар кайрылууда президенттен оппозициялык маанайдагы жарандарды куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позицияны ачык билдирүүнү талап кылышты.

Бийлик органдарынын туура эмес иштерин сынга алуу, каршы пикирлердин болушу жана аны эркин таркатуу - мамлекеттин өнүгүү деңгээлинин көрсөткүчү экенин эске салышкан. Атыр Абдрахматова акыркы учурда бийликтин дарегине сын айткан активисттерге коркутуу, каралоо, кодулоо күчөгөнүн айтты. Ал мамлекет сөз эркиндигин жана эркин ой билдирүү укугунун сакталышын камсыздашы керек деп эсептейт:

"Сын-пикир айткандарга моралдык коркутуу же кысым көрсөткөн, “макул эместигиңердин кесепеттери жөнүндө ойлонушуңар керек” деп кыйытып, кодулоо үчүн ар бир мамлекеттик же укук коргоо органынын кызматкеринин жоопкерчилигин карап, жумуш ордунан бошотулаарына кепилдик беришиңизди талап кылабыз. Жарандык активисттерди коркутуу боюнча маалыматтар тез арада тергелип же кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланышы керек. Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз эл үчүн жооптуу кызматтын үлгүсү болом деп убада бердиңиз! А биз, эл, ар кандайбыз. Биз силер менен, УКМКнын төрагасы, ички иштер министри, кеңешчилериңер менен бирдей ой жүгүртө албайбыз, дем ала албайбыз, сүйлөй албайбыз, жашообузду бирдей өткөрө албайбыз. Сынга жана башка ой-пикирлерге ыраазычылык билдирүү керек. Мурунку президенттердин жолун улап коркутуп, түрмөгө отургузуп, жок кылып же кемсинтүү - бул туңгуюк", - деди Абдрахматова.

Президенттик аппарат кайрылуу тууралуу комментарий бере элек.

Өткөн аптада Конституциялык реформаны, бийликтин аракеттерин сындап жүргөн юрист Сания Токтогазиева, жарандык активист Улан Үсөйүн жетектеген «Баштан башта!» жарандык кыймылы өздөрүнө укук коргоо органдары тарабынан куугунтук болуп жатканын билдирип чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG