Сабировдун мандаты спортчу Акыл Кемеловго берилди

Акыл Кемелов парламентте. 3-март, 2021-жыл. Бишкек.

Парламенттин 3-мартындагы сессиясында Акыл Кемелов ант берип, кызматына расмий киришти. Ал «Республика - Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен мурдагы депутат Максат Сабировдун ордуна келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кемеловго депутаттык мандатты 26-февралда тапшырган. Ага чейин Сабиров «жаштарга орун бергенибиз туура» деген негизде мандатын тапшырган.

Акыл Кемелов Кыргызстандын кулатуу боюнча үч жолку чемпиону жана спорт чебери. Ал 2016-жылы Ысык-Көл облусу боюнча «Кулатуу эртаймаш WEF» федерациясынын президенти болуп дайындалган.

Азыркы мыйзам боюнча Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.
2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, бирок элдик толкундоолордон улам анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Буга байланыштуу 2015-жылы шайланып келген алтынчы чакырылыштын мөөнөтү узартылган.

Президент Садыр Жапаров 1-мартта Казакстандын "Казинформ" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө өтө турганын билдирген.

Конституциянын жаңы долбоорунда депутаттардын санын 90го кыскартуу сунушталууда. (NT)

Дагы караңыз

Коронавирус дагы 48 адамга жукту, бир бейтап көз жумдуМамлекеттик туунун кабыл алынганына 29 жыл болдуБишкектеги парктарды оңдоого бөлүнгөн акчага байланыштуу кылмыш иши козголду3-мартта Жогорку сот Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүүнүн мыйзамдуулугун карайт