Айылдык кеңештердин депутаттарына талапкерлерди каттоо аяктады

Иллюстрациялык сүрөт.

420 айылдык кеңештеги 7560 мандатка 18 772 талапкер катталды. Анын ичинен 5300 талапкер – аялдар.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды. 21-мартта жергиликтүү кеңештерди шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планга жараша айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктады.

63 талапкер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп саналат.

Республика боюнча бир мандатка 2,5 талапкер туура келет.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоодон утуп чыккандар 4 жыл иштейт. (MiK)

Дагы караңыз

COVID-19: Бир күндө эки адам каза болду, 115 бейтап жаңы катталдыЖаныбарларды коргоочу мыйзам долбоору мал союу боюнча талашты кызыттыАйбек Бузурманкулов: Жерүй кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү керекАксы: Электр кубаты жетелек айылдар туристтик аймакка айланышы мүмкүнМирзиёев журналисттерди сын материалдарды көбөйтүүгө чакырды Навальныйды бошотуу талабы менен эң ири митинг өтмөкчүШыкмаматов: Венеция комиссиясы менен диалог курушубуз керек (видео)