Саясий постторду жазып жүргөн соцтармак колдонуучусу УКМКга чакыртылды

Кундуз Ажыбекова.

“Фейсбуктагы” баракчасына саясий билдирүүлөрдү жазып жүргөн Бишкектин тургуну Кундуз Ажыбекова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 26-мартка суракка чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ажыбекова өзү маалымдап, атайын кызматтын чакыруу кагазын көрсөттү.

Ал чакырууга “Фейсбук” баракчасындагы билдирүү себеп болушу мүмкүн экенин айтып жатат. Атайын кызматтан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Укук коргоо органдары соңку айда бир нече жарандык активистти, журналисттерди суракка чакырды. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкек – Минск түз аба каттамын ачуу маселеси талкууландыТаласта коронавирустун жасалма анализин сатып жүргөндөр кармалдыКыргызстан Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында аскердик машыгуу өткөрөт