Бишкекте акындардын республикалык айтышы өттү

Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз жана Идирис Айитбаев.

28-мартта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтыш өттү. Айтыштын байге фонду бир миллион сомду түзүп, 12 акын ат салышты.

Калыстардын чечими менен баш байге (200 миң сом) Идирис Айитбаевге ыйгарылды. 1-орунга Баян Акматов (150 миң сом), 2-орунга Акматбек Султан уулу (100 миң сом), ал эми 3-орунга Тынчтык Эсенбай уулу (50 миң сом) ээ болду.

Мындан тышкары таймашка катышкан сегиз акынга 30 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтыштын тандоо туру 27-март күнү КТРКда өтүп, 42 акын катышкан. Алардын ичинен кийинки баскычка 12 акын тандалып алынган.

“Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратовдун “Азаттыкка” билдирген маалыматына караганда, кийинки айтыш Эгемендиктин 30 жылдык майрамына карата 31-августта өткөрүлөт жана ал айтышка коңшу Казакстандын акындары чакырылат. (MiK/MZh)

Дагы караңыз

Муфтий шайлоо: Курултайды жылдыруу сунушталуудаЧехиянын эң бай адамы кырсыктан каза тапты Өкмөт кыргыз-өзбек чек арасы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөтСуэц каналын тороп калган кемелерден бошотуу иштери башталдыКыргызстандын бир канча аймагында сел жүрдүФарид Ниязов: Жээнбековду тандап алуу менен эң чоң ката кетирдик