ИИМ шайлоого байланыштуу 78 маалымат боюнча териштирүү жүргүзүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештин шайлоосуна жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 78 маалыматты каттады. Анын 21и кылмыш жасоого тете катары, 15и жоруктар, төртөө бузуулар деп квалификацияланууда.

Ал эми маалымат каттоо китебине 38 материал киргизилди. Анын 33үнө чечим кабыл алынып, беш учур боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулу 30-мартта журналисттер үчүн уюштурулган басма сөз жыйынында билдирди.

ИИМдин маалыматына ылайык шайлоо күнү өлкө боюнча 11 миңден ашык милиция кызматкери коомдук-коопсуздукка көз салат.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Бул өнөктүк менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да болот. Добушканаларда шайлоо жана референдум үчүн деп эки башка үкөк коюлуп, шайлоочуларга экиден бюллетень берилет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде. (MiK)

Дагы караңыз

Парламент кымбаттоого байланыштуу өкмөттүн маалыматын угатБишкек-Ош жолунда аскер автоунаасы кырсыктап, бир адам каза болдуТекебаевдин мандаты анын ишинде фигурант болгон Абдылдаевге берилдиАКШ Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойтАрмения COVAX долбоорунун алкагында «AstraZeneca» вакцинасынын алгачкы үлүшүн алдыCOVID-19: Түркияда карантин чаралары кайрадан күчөдү