Оштогу Бабур театрын Өзбекстан оңдоп бермей болду

Барбур театры. Сүрөт 2016-жылы тартылган.

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын Өзбекстан оңдоп берет. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Азам Абдуразаков «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында имаратты оңдоого 37,5 миллион сом каражат коротулушу күтүлүүдө.

«Бул маселе президенттин иш сапарында көтөрүлдү. Бабур театрынын имараты 1979-жылы курулуп, пайдаланууга тапшырылган. Андан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес».

Өкмөт 2020-жылы театрды оңдоого бюджеттен акча бөлгөн. Бирок пандемияга байланыштуу оңдолбой калган.

Өзбекстан 2018-жылы Ош шаарына үч кабаттуу 630 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруп берген. (DU)

Дагы караңыз

Журналист Жаркын Суран кызы узак оорудан каза болду Хатайда эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун сейил багы ачылдыАргентинанын президенти эмделгенден кийин деле коронавируска чалдыктыСадыр Жапаров Баткендеги машыгуунун маңызын түшүндүрдү