Нарында блогер Кокуловду колдогон акция өттү

Нарын шаарында Эрулан Кокуловду колдогон акцияга 100дөй адам катышты

Блогер Эрулан Кокулов Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова "Азаттыкка"билдирди.

“Эрулан Кокулов тууралуу милицияга “Топ Ночь” деп аталган компаниядан арыз түшкөн. Анын негизинде Кокулов 5-апрелде күбө катары суракка чакырылды, камакка алынган жок. Тергөө иштери уланууда.”

Ушул күнү шаардык милициянын имаратынын алдына Кокуловду колдогон 100дөй адам чогулду. Алар блогерге арызданган компаниянын жетекчисинин аты-жөнүн айтууну талап кылышты.

Арызданган компаниянын өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кокулов Бишкек шаарындагы жана облустардагы азык-түлүк сакталган кампаларды кыдырып, мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ашкере кылган блогер катары белгилүү. Ал “YouTube” интернет платформасында “Не сахар” берүүсүн алып барат. (BsB)

Дагы караңыз

Аксыда өспүрүм көз жарган окуядан улам 17 жаштагы бала кармалдыАзия жана Океания чемпионатына кыргызстандык 17 дзюдочу катышатТүркияда ачык катка кол койгон 10 адмирал кармалдыИндонезия менен Чыгыш Тимордогу жер көчкү 70 адамдын өмүрүн кыйдыМинистрлик: эмдөө коронавирус менен ооруп айыккандарга дагы пайдалуу