Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Аксыда өспүрүм көз жарган окуядан улам 17 жаштагы бала кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аксыда көз жарган 14 жаштагы өспүрүм кыздын ишине байланыштуу 5-апрелде аталган райондо 2004-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Айрым маалымат каражаттары кылмышка шектелген бала көз жарган өспүрүм кыздын жакын тууганы экенин жазышкан.

Аксыда өткөн аптада райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн дарыгери 14 жаштагы кыз көз жарганы тууралуу жергиликтүү милицияга кабар берген. Бул окуядан улам Жазык кодексинин 161-беренесинин ("Зордуктоо") 4-бөлүмүнө ылайык сотко чейинки өндүрүштүк ишти тергөө башталды.

Былтыр Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу кабардан чуу чыккан. Ишти караган Тоң райондук сотунун судьясы кылмышка шектелген үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнө жеңил жаза бергени нааразылык жараткан.

30-мартта бул иш облустук сотто каралган. Анда шектүүлөрдүн экөө 15 жылга, үчүнчүсү 20 жылга кесилген.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши катталган жана анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.

Жашы жете электерге жыныстык зомбулук кылган деген шек менен 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу так маалымат жок. (MiK/TB)

XS
SM
MD
LG