Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Ташиевдин уулунун кылмыш иши кайра каралат


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Бишкек шаардык соту 5-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК)төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Темирлан Ташиевге козголгон кылмыш ишин кайра кароо үчүн материалдарды Октябрь райондук сотуна жөнөттү. Шаардык сот бул жараяндын чоо-жайы тууралуу кененирээк маалымат берген жок. Буга чейин 24.kg агентиги Темирлан Ташиевдин жактоочусу ишти кайра кароо жөнүндө сотко арыз бергенин жазган.

2013-жылы Бишкектин Октябрь райондук милициясы Темирлан Ташиев уурдоо максатында автомашинанын дөңгөлөктөрүн чыгарып жаткан жеринен кармалганын, кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Кийин ишти териштирүү токтотулганы белгилүү болгон.

Президент Садыр Жапаровдун саясий өнөктөшү Камчыбек Ташиев УКМКнын төргагасы болуп 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин дайындалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG