Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги адам сөөктөрү кайра көмүлдү


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Токтогул суу сактагычынын жака-белине чыгып калган адам сөөктөрү кепинге оролуп башка жерге көмүлдү. Бул тууралуу аталган райондогу Сүйөркулов айыл аймагынын башчысы Шайлоо Жуматаев маалымдады.

“Суу азайып кеткендиктин анын алдында жаткан адам сөөктөрү жээкке чыгып калган. Райондогу айыл аймактардын, мекеме-ишканалардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери төрт топко бөлүнүп, жээкти сөөктөрдөн тазалап чыкты. Анда 23 кап сөөк жыйналып, кайрадан коопсуз жайдагы мүрзөлөргө жерге берилди”.

Токтогул суу сактагычында куду ушундай окуя 2009-жылы дагы орун алган.

Суу сактагычтын жалпы аянты 33 миң гектар. Учурда анда 8 миллиард, 826 миллион куб метр суу бар. Токтогулга 19 миллиард куб метр суу батат. (TB)

XS
SM
MD
LG