Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгы эки кишини - өспүрүм менен кичинекей кызды жөө жүргүнчүлөрдүн тилкесинен коюп кеткен машиненин айдоочусу качып кетпегенин билдирди.
Маалыматка караганда, Mazda үлгүсүндөгү автоунаа айып жайына киргизилди.
6-апрелде кечки саат 21лер чамасында Москва жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде машине эки адамды сүзүп кеткен.
Жабыркагандардын бири 17 жаштагы өспүрүм, экинчиси 10 жаштагы кыз экени белгилүү болду. Милициянын билдирүүсүндө алар оор абалда ооруканага жеткирилген. Азыркы абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн боло элек.
Социалдык тармактарда буга чейин кырсыктын күнөөкөрү качып кеткени тууралуу маалыматтар айтылган.
Дагы караңыз
Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келетТекебаев: Апрель окуясынын максаттары үчүн күрөш уланатЭкс-депутат Токтогул Туманов пневмониядан көз жумдуЫрысбай Абдыраимов: Жаркын акыйкат үчүн күрөшкөнКоронавирус дагы үч бейтаптын өмүрүн алды, 161 кишиден табылды