"Замандаш" биримдигинин төрагасы Кадыр Бусурманкулов дүйнө салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Чет жактардагы кыргызстандык диаспоралардын башын бириктирген "Замандаш" ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, биримдиктин ардактуу төрагасы Кадыр Бусурманкулов оорудан улам, 59 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Маркумдун тажиясы 11-апрелде Бишкекте болот.

2003-жылы Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспораларынын башын бириктирген эл аралык "Замандаш" ассоциациясы түзүлгөн. Аны «Замандаш» фондунун жетекчиси Мухтарбек Өмүракунов жетектеген.

"Замандаш" ассоциациясы чет жактарда иштеп жүрүп көз жумган кыргызстандык жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин чечкен.

2005-жылы 19-майда «Замандаш» ассоциациясы саясий партия түзүүгө арналган курултайын өткөргөн.

"Замандаш" саясий партиясы бир нече жолу жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорго катышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Анкаранын аял лидерге мамилеси сынга кабылдыИндия жаңы коронавирус толкуну менен алышып жататКоронавирус 208 адамга жукту, үч бейтап каза болдуОшто 7 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган тургун кармалды     Айзаданын өлүмү: 44 милиция кызматкери жазага тартылдыИИМде жаңы жетекчилер дайындалдыШайлоо жана референдум: бүгүн жымжырттык күнү БШК: 19 миңден ашык шайлоочу тилкеден тышкары добуш берүүгө арыз бердиОрусия: ФСБнын кызматкерлери журналист Аниндин үйүн тинтүүгө алыштыОрусиянын Тергөө комитети Манижанын ырын текшеретЧек ара: Эмомали Рахмон Ворухту алмашпайт