COVID-19: Өзбекстанда 400 миңден ашуун адам эмделди

Ташкенттеги эмдөө борбору, 1-апрель 2021-жыл.

Өзбекстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 403 миңден ашты. Бул тууралуу 33 миллиондой адам жашаган бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 17-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, вакцина алгандардын көпчүлүгү Фергана (58 529), Анжиян (44 309) жана Наманган (40 664) облустарына туура келет.

Буга чейин Өзбекстан кытайлык компания иштеп чыккан ZF-UZ-VAK 2001 вакцинасын, орусиялык “Спутник V” вакцинасын каттоодон өткөргөн. Жакында Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы иштеп чыккан вакцинадан 660 миң доза алганы кабарланган.

Соңку маалыматка ылайык, Өзбекстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 86 миң кишиден ашты.

Ишемби күнү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиянын кеңейтилген жыйынын өткөрүп, өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан 18-апрелден тарта карантиндик чектөөлөр күчөтүлөрүн билдирген.

Ал коронавирустан университет студенттеринин 6-7 пайызы жана мектеп окуучуларынын 11-15 пайызы жабыркаганын, буга Өзбекстанда аныкталган коронавирустун Түштүк Африка штаммы себеп болгонун кошумчалаган.

Дагы караңыз

Москвадагы мигранттар УКМКга нааразылыгын билдиришти Пакистанда француз элчисине каршы топтор полиция менен кагылыштыНавальныйдын тарапташтары элди митингге чакырыштыДүйнөдө вирустан каза болгондордун саны 3 миллиондон аштыДарья Маслова эл аралык марафондо алтын байге алды